BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Top Story – Kyrgyz

  • Фетуллах Гүлен

    Түрк бийлиги кастарын тиккен "гүленчилер"

    Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы коомчулукту дүрбөттү. Коомдук сайттарда кызуу талкуулар жүрүп, бир катар коомдук жана жарандык ишмерлер өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду.

  • Беларус: сот залында өзүнө кол салган саясий туткун

    Беларустагы саясий туткун Степан Латыпов сот залында өз өмүрүн кыюуга аракет жасап, жарадар болгон активистти "Тез жардам" унаасы алып кетти.

  • Катар-катар кармоолор, камоолор

    Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Андан мурда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана мурдакы айыл чарба министри Талантбек Узакбаев, экс-депутат Исхак Пирматов кармалды. Бүгүн ЖКнын мурунку төрагасы Дастан Жумабеков баш болуп дагы бир нече депутат УКМКга сурак берип чыкты. Булардын бир тобу "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча иштин алкагында кармалып, суралып жатат. Соңку камоолор менен кармоолор коомчулукта карама-каршылыктуу реакция жаратууда.

  • "Кумтөр" чыры: Өмүрбек Бабанов кармалды

    Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Кумтөрдөгү" коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында шектүү катары мурдагы премьер министр Өмүрбек Бабанов кармалганын билдирди.

  • Кытай бийлиги үчүнчү балалуу болууга уруксат берди

    1979-жылы Мао Цзедундун көзү өткөндөн үч жылдан кийин "бир үй-бүлө - бир бала" деген катаал саясат киргизилген. Ошондон баштап балдардын төрөлүүсүнө чектөөлөр киргизиле баштады.

  • Динаятчы Гүленге байланышкан Кения менен Кыргызстандагы окуя

    Кениянын жергиликтүү басылмалары бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүлендин жакын тууганын Түркиянын атайын кызматы кармап, алып чыгып кеткенин жазып чыкты.

  • Видео, Covid-19: Вакциналарды патентөөдөн баш тартуу, Узактыгы 3,17

    Глобалдык вакцина таңкыстыгы өсүүдө, дагы көп дары керек. Фарм компанияларды кызыкчылыгын коргогон патенттерди алып салуу өндүрүшкө көбүрөөк компанияларды кошууга жол ачат.

  • Жүздөгөн ооган үй-бүлөлөрү Улуу Британияга журт которот

    Британдык куралдуу күчтөргө жана Улуу Британия өкмөтүнө иштеген жүздөгөн оогандыктарды ыкчам түрдө көчүрүп алуу планы жарыяланды. Жалпысынан үч миңдей адам Улуу Британияга журт которууга уруксат алары, алардын ичинен 1300 адамдын маселеси каралып чечилгени айтылууда.

  • Кеминде фотокапканга илинген ак илбирс

    Быйылкы жылы жапайы жаратылышта канча ак илбирстин калганы боюнча окумуштуулар глобалдык санак жүргүзүү аракетин баштады.

Коронавирус

Подкаст

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын 25 жылдыгына арналган подкаст берүүлөрү. Тарыхта калган, тарыхты өзгөрткөн окуялар. Залкарлардын элдин эсинде калган сөздөрү, эл үнү.

Ысырапкорчулукту токтоткон Түштүк Корея

Отуз жылга жетпеген аралыкта Түштүк Корея "ысырапкорлордун өлкөсүнөн тамак-ашты кайра иштетүүчүлөрдүн улутуна" айланды. Иш абдан ийгиликтүү болуп, учурда кайра иштетүү 95% жетти.

Би-Би-Си Кыргыз кызматына 25 жыл

Би-Би-Си Кыргыз кызматы 3-июнда 25 жылдык мааракесин белгилейт. Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын кыргыз тилиндеги программалары 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.

"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү эки чет элдик компанияны жалдады

Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен эл аралык арбитражда соттошуу үчүн америкалык жана канадалык компанияны жалдап жатканын билдирүүдө. "Центерра" кыргыз өкмөтүн ортодогу келишимди бузду деп эл аралык арбитражга бергенин кабарлаган. Эми "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян жана төлөнбөгөн салыктар жөнүндө эл аралык сотто катуу кармаш турат.

Коронавирустан кийинки синдром жана анын оор кесепети

Covid-19 илдетинен айыгып чыккан дүйнөдөгү миллиондогон киши бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жатат.

Жаңы изилдөө: Дүйнөдө мөңгүлөр тездик менен эрип жатат

Соңку илимий изилдөө дүйнөдөгү мөңгүлөр өтө тездик менен эрип жатканын жана ага эмне себеп болгону аныктады. Франциялык команда Жер планетасындагы мөңгүлөрдүн дээрлик баарын изилдөөгө алган.

Чоң шаардан айылга көчүп кеткен миллиардер: мегаполис жана элет турмушу

Сридхар Вембу АКШдагы белгилүү Силикон өрөөнүндө технология компаниясын негиздеген. Бул ишкана миңдегендерди жумуш менен камсыз кылып, миллиарддаган долларга бааланууда. Бирок отуз жыл бою технология жана инновациянын үстүндө жүргөн ишкер Индиянын түштүгүндөгү алыскы айылга көчүп кетти.

  • Бүлүнгөн Максат, үлбүрөгөн үмүт. Чек арадагы жашоо

    Миңден ашуун киши жашаган Максатта жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. 29-апрелде Баткендин Лейлек районундагы чек арадагы кыргыз айылдарына Тажикстан тараптан ок атылып, чек ара тилкесиндеги тургундар үй-жайын таштап качып чыккан.

  • Чек арадагы жаңжалда талкаланган үйлөр. Сүрөт

    Миң-Булак, Достук жана Максат чек ара тозоттору талкаланган. Ошондой эле Лейлек районундагы Достук, Борбордук, Раззаков, Арка, Сада, Максат айылдарындагы турак үйлөр, май куючу бекеттер, дүкөндөр, имараттар өрттөлүп, талкаланган.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

  • Баяндаманы талдоо

    Жакшыны жакшы деп, жаманын түшүндүрүп туруу, кабарчынын чыгармачыл өнүгүүсүнө шык берет.

  • Өзгөчөлүү журналистика

    Биз жазган материалыбызга оригиналдуулук алып келүү үчүн журналисттик иликтөөлөр жана түшүнүктүү, жеңил жазуу ыкмаларын өздөштүрсөк болот. Социалдык медиа жана коммуникация өнүккөн заманда бул өзгөчө маанилүү.

  • Көз карандысыздык

    Ишенимге ээ болуш үчүн көз каранды эмес болууңуз шарт. Аудитория алдындагы милдетинен улам Би-Би-Синин журналисттери өз тыянактарына өз алдынча келгенин көрсөтө билиши керек.

Тектеш сайттар